АКШ депортациялоого макул болгон мигранттарга 1000 доллар төлөйт
АКШ депортациялоого макул болгон мигранттарга 1000 доллар төлөйт
АКШ өзүн-өзү депортациялоого макул болгон мигранттарга 1000 доллар төлөйт. Улуттук коопсуздук департаменти (DHS) мыйзамсыз иммигранттар үчүн өлкөдөн чыгып кетүүгө акча бере турган депортациялоо программасын баштаганын жарыялады.
"Эгерде сиз бул жерде мыйзамсыз болсоңуз, анда өзүн-өзү депортациялоо - камакка алынбашы үчүн Кошмо Штаттардан чыгуунун эң жакшы, коопсуз жана үнөмдүү жолу”-, деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.
Программага ылайык, CBP Home колдонмосу аркылуу өлкөдөн өз алдынча чыгып кеткен мыйзамсыз иммигранттарга 1000 доллар өлчөмүндө стипендия төлөнөт. Белгиленгендей, программанын катышуучулары акчаны мекенине кайтып келгенден кийин гана ала алышат. Аларга келечекте АКШга кайтып келүү мүмкүнчүлүгү да берилет.