Чүйдө мыйзамсыз сатылган 7 тонна күйүүчү май аныкталды

Чүйдө мыйзамсыз сатылган 7 тонна күйүүчү май аныкталды

Чүй облусунда мыйзамсыз сатылган 7 тонна аткезчилик күйүүчү май кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын басма сөз кызматы билдирген. 

30-апрелде башталган рейд 15-майга чейин уланып, иш-чарага Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын жол инспекторлору жана салык кызматкерлери катышууда. Маалым болгондой, бул күндөрү жалпысынан 7 тонна аткезчилик күйүүчү май кармалган. Ал эми сатуучуларга 99 миң сом айып салынган. Мындан тышкары, унаасы менен күйүүчү-майлоочу май ташыган төрт айдоочуга 70 миң сомдон айып салынды.

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы жол боюнда күйүүчү майларды мыйзамсыз сатууга жана бул максатта жабдылбаган унаалар менен ташуу КР мыйзамдарында тыюу салынганын эскертти.

12:38, 07-05-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар