Цементтин жетишсиздиги боюнча Антимонополия түшүндүрмө берди
Цементтин жетишсиздиги боюнча Антимонополия түшүндүрмө берди
Цементти ири кардарларга, анын ичинде Мамлекеттик Ипотекалык Компанияга (МИК) жеткирүү дефицитти жаратып, натыйжада анын баасынын өсүшүнө алып келүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы кызмат билдирди.
«Продукциянын негизги бөлүгү ири жеткирүүчүлөргө, анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) жөнөтүлөт, бул экинчи рынокто цементтин жергиликтүү тартыштыгын жана натыйжада анын баасынын өсүшүн шарттайт», - деп билдирет Монополияга каршы кызмат.
Маалым болгондой, өлкөнүн түштүк аймактарында цементке болгон баалардын абалы туруктуу бойдон калууда;
Түндүк аймактарда 50 кг каптардагы М-400 цементине болгон баалардын өсүшү катталды, бул айрым цемент заводдорундагы убактылуу оңдоо иштерине, ошондой эле мезгилдик факторлордун таасирине байланыштуу.
Терек-Таш заводунда оңдоо иштери 14-майда аяктап, 15-майдан тарта ишкана толук кубаттуулукта иштей баштайт. Кант цемент заводу (КЦП) мурдагыдай эле көломдө продукция берип, пландуу иштеп жатат.