Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жайт
Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жайт
Кыргызгидромет билдиргендей, 20-июнга караган түнү жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында өткүн өтөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүйдө түнкүсүн +18…+23, күндүз +29…+34; Таласта түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн +20…+25, күндүз +30…+35; Ысык-Көлдө түнкүсүн +14…+19, күндүз +22…+27;
Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29; Бишкекте эртең күндүз жаан жаашы күтүлүүдө. Шамалдын багыты 14 метрге чейин жетет. Түнкүсүн +19…+21, күндүз +31…+33 градус болот.