Аянттагы Манастын айкели бийиктейт

Аянттагы Манастын айкели бийиктейт

Ала-Тоо аянтындагы Манастын айкели бийиктетилет. Бул тууралуу Бишкек мэр Айбек Жунушалиев көчмө жыйында маалымдады. 

Долбоордук документтерге ылайык, эстеликтин бийиктиги 22,7 метрди, туурасы 6,2 метрди түзүп, жогору көтөрүлгөн сайын акырындык менен 2,5 метрге чейин ичкерилет. 

Белгиленгендей, эстелик 10,3 метр бийиктикти түзөт. Капиталдык курулуш башкармалыгына курулуш иштеринин сапатын жана белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын катуу көзөмөлдөө тапшырылды.

14:21, 20-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар