2030-жылга чейин Товардын бир нече түрүн КНСтен бошотуу каралууда

Өлкөдө 2030-жылга чейин бир топ айыл чарба продукциясын кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотуу сунушталууда.

Токтомдун долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Максат — жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо жана алар чыгарган товарлардын баасын элдин чөнтөгүнө ылайык келтирүү.

Учурда КНСтин коюму 12 пайыз. Бул жеңилдикти нанга, унга, картошка, мөмө-жемиш, эт, балык, суусундук, бал жана башка продукцияларга пайдалануу сунушталып жатат.

"Күйүүчү жана майлоочу майдын, жер семирткичтердин, логистика жүргүзүү, таңгактоо сыяктуу кызматтардын кымбатташы жана чийки продукцияны саткандан тапкан киреше төмөн болуп турганда КНС салуу (12 пайыз) жергиликтүү аграрийлердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн (өзгөчө ички рынокто) олуттуу төмөндөтөт. Мындан сырткары, агроөнөр жай комплексинин субъектилеринин олуттуу бөлүгү, тагыраагы, толук кандуу салыктык эсепке алууну жүргүзүү үчүн жетиштүү ресурсу жок чарба жүргүзүүнүн чакан формалары КНСти эсептөө жана төлөө боюнча талаптарды аткарууну кыйындатат", — деп айтылган негиздемеде.

 

 

14:35, 20-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар