АКШ президенти Дональд Трамп Ирандагы ядролук объекттер “толук жок кылынды” деп билдирди.
АКШ президенти Дональд Трамп Ирандагы ядролук объекттер “толук жок кылынды” деп билдирди.
Бул тууралуу ал вице-президент, тышкы иштер жана коргоо министрлери менен чогуу 4 мүнөттүк телекайрылууда айтты. The New York Times
Трамп: “Бул дүйнөдөгү эң ийгиликтүү аскердик операция болду. Эгер Иран макулдашууга шашылыш келбесе, жаңы соккулар болот”, — деди.
АКШнын согуштук учактары Фордо шаарындагы жер алдындагы ядролук борборго 15-тонналуу кеминде 6 бомба таштаган. Ошондой эле подлодкалар Натанс менен Исфахандагы объекттерге 30 ракета учуруп, Ирандын ядролук программасын жок дегенде жарым жыл артка жылдырганын NYT жазды.
Байкоочулар бул сокку Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды күчөтүшү мүмкүн деп коңгуроо кагууда.