Тышкы иштер министри Кыргызстандын Иран-Израил чатагы боюнча позициясын билдирди
Тышкы иштер министри Кыргызстандын Иран-Израил чатагы боюнча позициясын билдирди
Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Иран-Израил жаңжалынын курчуп баратканына жана Газа тилкесиндеги кайгылуу окуяларга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
Бул тууралуу ал 21-июнда Ислам кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында айтты.
Министр жаңжалдар аймактык коопсуздукка жана бүтүндөй эл аралык туруктуулукка терс таасирин тийгизип жатканын билдирди. Кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн биргелешкен күч-аракетти координациялоо маанилүү экенин, жаңжалды тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.
Кыргызстан чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн жолу катары диалогду жактай турганын кошумчалады.