Быйыл ЖРТдан эң жогорку балл 242 болду
Быйыл ЖРТдан эң жогорку балл 242 болду
Мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында 2025-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болду. Быйыл ЖРТнын “Алтын сертификатын” 54 бүтүрүүчү алат.
Бул жылы эң жогорку балл 242 баллды түздү – аны №70 мектептин бүтүрүүчүсү Эстебесов Атай Элнурович алды.
2024-жылы эң жогорку балл 234 болгон. Аталган баллды – 3 бүтүрүүчү топтогон.