Агартуу министрлиги: өлкө боюнча 223 мектеп жетишпейт
Кыргызстан боюнча ар кандай сыйымдуулуктагы 223 мектеп курууга муктаждык бар. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 1,5 миллиондон ашык окуучу бар. Ал эми мектептерде 163 миң орун жетишсиз болсо, мунун 30 миңге жакыны Бишкекте экенин шаардын вице-мэри Виктория Мозгачева белгиледи.
"Учурда Сауд өнүктүрүү фондунун колдоосу менен борбор калаада 14 мектеп куруу пландалууда. Алардын арасында кошумча корпустар жана өзүнчө мектептер бар. Бул долбоорлор ишке ашса Бишкектеги мектеп жетишсиздиг боюнча маселе чечилет", — деди Жусупбекова.
Ошондой эле ал реалдуу муктаждыктар эске алынбай мектептер лобби жолу менен курулгандыктан, тең салмактуулук сакталбай калганын белгиледи.
"Мисалы, Баткен облусундагы 65 мектепте 8 737 окуучулук орун жетишпейт, ошол эле учурда дубандагы 174 мектепте 46 миңден ашык бош орун бар. Башка облустарда да ушундай абал байкалат. Ошондуктан биз Курулуш жана Финансы министрликтеринен биринчи кезекте авариялык абалдагы 59 мектептин курулушун бүткөрүүнү сурандык. Экинчиден, кайсы жерлерге жаңы имараттар жана кошумча корпустар керек экенин так көрсөттүк", — деп билдирди ал.