Баткенде Чек ара кызматынын “Бөрү” аскер шаарчасы ачылды

 

Баткенде Чек ара кызматынын “Бөрү” аскер шаарчасы ачылды

Баткен облусунда Чек ара кызматынын атайын багыттагы “Бөрү” аскер шаарчасы ачылды. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев салтанаттуу иш-чарага катышты.

Объект Төрт-Күл айылында жайгашкан. Анда бардык зарыл нерселер бар: казарма, медициналык пункт, автопарктар, спорт аянтчалары, суу алуучу жай, котельный жана башка жайлар.

Анда улуттук стилде жасалгаланган эс алуу жайлар, ошондой эле чек арадагы кагылышууда курман болгон атайын күчтөрдүн жаркын элесине арналган мемориалдык комплекс бар.

Иш-чаранын алкагында чек арачыларга ушул эле айылдагы кызматтык батирлердин ачкычтары тапшырылды.

10:37, 24-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар