Ташиев аймактарга жөнөтүлгөн жетекчилерге үй-бүлөсүн көчүрүп келүүнү тапшырды

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кызматынан аймактарга жөнөтүлүп иштеп жаткан жетекчилерге үй-бүлөсүн жанына көчүрүп келүүнү тапшырды.

Ал Лейлекте УКМК кызматкерлерине үйлөрдү тапшырып жатып, аймактарда деле тиешелүү мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн айтты.

"Райондук, облустук жетекчилер үй-бүлөңөрдү көчүрүп келгиле, үй-бүлөсү жок жашабагыла! "Менин балам лицейде" деп айтасыңар. Бул жакта деле жакшы мектептер бар. Мына, биз айылдан эле билим алып чоңойдук. Мен, мисалы, жогорку окуу жайды Томскиден бүтүп келгем. Окуйм деген бала айылдан деле окуйт. Билим алам, тарбия алам деген бала сөзсүз ата-энесинин жанында болушу керек. Уктуңарбы? Көпчүлүгүңөр балдарыңарды таштап коюп, 2-3 жылдап талаалап жүрөсүңөр. Анан дем алыш күндөрү балдарыма барып келе калайын деп качасыңар. Бул эмне деген жумуш?" — деген УКМК төрагасы.

12:15, 24-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар