УКМК кармалган Токмок шаарынын мэри боюнча маалымат берди

УКМК кармалган Токмок шаарынын мэри боюнча маалымат берди

УКМК Токмок шаарынын кармалган мэринин иши боюнча маалымат берди. Ага ылайык, Камчыбек Ташиев президенттин тапшырмасы менен соцтармакка тараган жергиликтүү жашоочулардын сейил бактын курулушу бүтпөй жатканын айткаг кайрылуусу боюнча Токмокко барып, жыйын өткөргөн. 

Жыйында эс алуу жайына тендердин негизинде 44 млн каралып, иш жүзүндө эс алуу жайына аталган каражаттар толук жумшалбай, бакты курууга кайдыгерлик менен мамиле жасалганы аныкталган.

“Мындан улам, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтиргени үчүн Токмок шаарынын мэри Н.М.О., Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Т.у.А. жана эс алуу багын курууга жооптуу «Ал-Кадыр-Сантехсервис» ЖЧКсынын аткаруучу директору К.Т.Э. УКМК Төрагасынын буйругу менен жыйын учурунда камакка алынды”-деп айтылат билдирүүдө.

10:20, 25-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар