Парламентте мамлекеттик тилге байланыштуу мыйзам долбоорлору үч окуудан кабыл алынды
Жогорку Кеңеште мамлекеттик тилге байланыштуу мыйзам долбоорлору үч окуудан кабыл алынды
Тагыраагы, "Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" конституциялык мыйзамынын долбоору жана "Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору үч окууда кабыл алынып, президенттин кароосуна жөнөтүлдү.
Ал мамлекеттик тилди колдонуу чөйрөсүн жөнгө салган айрым мыйзамдарды "Мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзамга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.
Документтеги урунттуу учурлар:
депутаттыкка талапкерлер, прокурорлор, өкмөт мүчөлөрү, маморган жетекчилери, судьялар, Улуттук банктын кызматкерлери минкаб аныктаган деңгээлде кыргыз тилин билүүгө милдеттүү;
сот процесстери мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү керек, бирок расмий тилди да колдонсо болот;
кыргыз тили бала бакчаларда, мектептерде, ЖОЖдордо окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болушу керек;
жарнаманын мамлекеттик тилдеги тексти мыйзам талаптарына жана орфографиялык эрежелерге ылайык келиши үчүн жергиликтүү орган менен макулдашылышы зарыл;
керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсүндө аудиовизуалдык, музыкалык жана башка программалардын 60 пайызы мамлекеттик тилде болушу шарт;
көпчүлүккө айтылган бардык маалымат (кулактандыруу, жарыя, көрнөк) алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жазылышы кажет.