Президент Нарын шаарын өнүктүрүүгө 807 миллион сом бөлдү
Президент Нарын шаарын өнүктүрүүгө 807 миллион сом бөлдү
Президент Садыр Жапаров өз фондунан Нарынды өнүктүрүүгө 807 миллион сом бөлгөн. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында өткөн жыйында билдирди.
Анын айтымында, Нарын облусуна республикалык бюджеттен 9,4 млрд сом бөлүнгөн.
«Азыр президент кошумча 807 миллион сом бөлүп берди, мындай качан болду эле? Эч качан», - деди Камчыбек Ташиев.Буга чейин социалдык тармактарда Нарын облусуна тийиштүү көңүл бурулбай, аймакты “өгөй бала” деп аташкан пикирлер айтылган.