Кызды жаака чапкан милиция кызматкери кармалды

Кечээ соцтармакта аялды “алдыма түш” деп коркутуп, жаагына чаап жиберген кишинин видеосу тараган. Ал былтыр ушул эле маалда дарыгерди чаап жиберген милиционер болуп чыкты. 

УКМКнын айтымында, жабырлануучу арыз менен кайрылып, окуя 17-майда ГЭС-5 аймагында болгонун билдирген. Видеодогу киши ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын капитаны Р.О.Б. экени аныкталган. Ага карата “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Ушул эле киши былтыр июнда дарыгерди чаап жиберип, кылмыш иши козголгону айтылды.

12:39, 26-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар