"Кимиңер уурдасаңар камаласыңар”-Президент чиновниктерге кайрылды
“Кимиңер уурдасаңар камаласыңар”-Президент чиновниктерге кайрылды
Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу мамлекеттик кызматкерлерге кайрылуу жасады. Анда Токмоктогу көрүнүштү мисал катары айтып, коррупцияга аралашкан аткаминерлер камала турганын эскертти.
“Баарыңардын эсиңерде болсун. Сентябрь айынан баштап бүткүл өлкө боюнча казынадан акча бөлүнүп берилип жасалып жаткан иштер, курулуп жаткан курулуштар, асфальтталып жаткан жолдор боюнча адистерден топтолгон комиссия түзүлүп, канча акча колуңарга тийди, кандай жумуштар аткарылды, канчага аткарылды, канчасы уурдалды жалпы өлкө боюнча текшерүү жүргүзөбүз. Муну мен жеке өзүм колго алам.
Кимде ким уурдаган болсо, он эселеп кайтарасыңар жана камаласыңар.
Ошону унутпагыла. Миллион сом уурдап, аны кайра он эселеп кайтарып, андан сырткары түрмөгө түшүү кимиңерге керек? Менимче эч кимиңерге керек эмес болсо керек? Мейли ким болбогула эч кимиңерди аябайбыз. Мурдакы заманыңарды унуткула.”-деген Жапаров.