Салынып жаткан жолдордун сапаты атайын техника менен текшерилүүдө

Өлкө аймагында салынып жаткан жолдордун сапаты атайын керн алгыч КО-200 CT техникасы менен текшерилип жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолдордун сапаты министр Нурдан Орунтаевдин тапшырмасынын негизинде текшерилүүдө.

Министрликке караштуу республикалык "Курулушсертификация" борбору тарабынан атайын топ жана көчмө лаборатория уюштурулган.

Белгилей кетсек, республика боюнча аталган борбор тарабынан ар дайым курулуш иштеринин сапатына көзөмөл жүргүзүлүп келет.

10:21, 30-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар