Трамп Сирияга каршы салынган санкцияларды жокко чыгарды
АКШ президенти Дональд Трамп дүйшөмбү күнү 1-июлдан тартып Сирияга каршы киргизилген санкциялык режимди жокко чыгарган жарлыкка кол коюп, мамлекеттик катчы Марко Рубиого Дамаскинин террорчулукка демөөрчү мамлекет деген макамын карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу Ак үйдүн билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды.
"Президент Трамп жаңы эле Сирияга карата санкциялык программаны токтоткон жарлыкка кол койду. Бул аталган өлкөнүн туруктулуукка жана тынч жашоого карай багытын колдоо үчүн жасалды. Жарлык боюнча, санкциялар мурунку өлкө башчы Башар Асадга, анын үзөңгүлөштөрүнө, химиялык курал жасоого тиешеси бар тараптарга карата колдонула бермекчи", — деп айтылат билдирүүдө.
Ак үй жарыялаган маалыматта Мамлекеттик департамент Сириянын тынч жашоого умтулуусун колдоого алып, "санкцияларды жумшартуу мүмкүнчүлүгүн БУУда карап чыгышы" керектиги белгиленген.
Эскерте кетсек, аталган мамлекетке санкциялар 2004-жылы киргизилген. Андан бери Сирияда согуш болуп, бийлик алмашты.