Бишкекте КамАЗ тебелеп кеткен 8 жашар кыз каза болуп калды

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда КамАЗдын айдоочусу сегиз жаштагы кызды тебелеп кеткен. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.

Окуя 28-июнь күнү саат 20:00 чамасында болгон. Анда жүк ташыган машина кызды жөө адамдар өтчү чийинден сүзгөн.

"Жеткинчек мүрт кеткен. Айдоочу кыз көрүнбөгөн зонада болгону үчүн байкабай калганын айтты", — деди ЖКККББ.

12:50, 01-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар