ОСАГО полисин албагандарга айып салуу жазасы кайра күчүндө калды
ОСАГО полисин албаган айдоочуларды 1-июлдан тарта айыпка жыгуу жазасы күчүндө. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, буга чейин камсыздандыруу полисин алуунун мөөнөтү 1-сентябрга чейин жылдырылып, айып салынбай турганы айтылган.
Ведомство соцтармакта бул боюнча такталбаган маалыматтар тарап жатканын билдирди. 1-июлдан тарта, тагыраагы, бүгүндөн тарта ОСАГО полиси жоктор 3 000 сом өлчөмүндө айыпка жыгыла баштайт.
ОСАГО — ири чыгымдан коргой турган полис. Башкача айтканда, айдоочу кокус кырсыктап калса, камсыздандыруу компаниясы чыгымын төлөп берет. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келген.