Салык кызматы Каржы министрлигинин түзүмүнөн чыгарылат

Салык кызматы Каржы министрлигинин түзүмүнөн чыгарылат 

Салык кызматы Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарылып, түз Министрлер кабинетине караштуу мекеме болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Салык кызматынын 35 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада билдирди.

Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов кызматтардын штаттык саны жана ыйгарым укуктары өзгөрүүсүз каларын тактады. 

Мындай өзгөрүүлөр натыйжалуу аракеттенүүнү камсыз кылып, мамлекеттик мекемелердин бюрократиядан алысташына өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

“Бизде кошумча ыйгарым укуктар болбойт. Мурдагы ыйгарым укуктар, штаттык түзүм калат. Бул кадам чечимдерди тезирээк жана натыйжалуу кабыл алууга шарт түзөт, жоопкерчилигибизди дагы жогорулатат. Кыргыз Республикасынын президентинин тапшырмасынын негизинде, мамлекеттик органдарды бюрократиядан арылтуу үчүн жүргүзүлүп жаткан реформанын бир бөлүгү болуп саналат”, — деди Шыкмаматов.

08:59, 02-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар