Бишкекте менчиктештирилип кеткен 1 510 чарчы метрлик имарат өкмөткө кайтарылды

Борбор калаада менчикке өтүп кеткен республикалык стоматологиялык клиниканын 1 510 чарчы метрлик имараты мамлекетке кайтарылганын УКМК билдирди.

"Аталган мамлекеттик мекеменин имараты 1999-жылы кызмат адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында белгиленген тартипти бузуу менен менчикке өтүп кеткен. Менчиктештирүү жол-жобосу ачык сынактарды өткөрүү талаптарын сактабастан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана кызыкдар тараптардын алдын ала сүйлөшүп алуу белгилери менен жүргүзүлгөндүгү такталган", — деп айтылат маалыматта.

Клиниканын имараты өткөрүп берүү учурунда мамлекеттик маанидеги объект деп эсептелип, элге стоматологиялык жардам көрсөтүү системасында иштеп келгенин айтышты.

 

10:59, 02-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар