Сот Sputnik Азербайжандын жетекчиси менен шеф-редакторун 4 айга камады

Бакуда сот Sputnik Азербайжан агенттигинин жетекчиси Игорь Картавых менен башкы редактору Евгений Белоусовду төрт айга камакка алганын РИА Новости жергиликтүү ЖМКларга таянып кабарлады.

Буга чейин Азербайжандын Ички иштер министрлиги Sputnik агенттигинин Бакудагы кеңсесинде "операция" өткөнүн жарыялаган.

Редакция кызматкерлеринин арасында Россиянын жарандары да болгон. Аларды эч кимге, атүгүл дипломаттарга да көрүүгө уруксат берилген эмес. Бир нече сааттан кийин Азербайжандын күч түзүмдөрү редакциянын башчысы Игорь Картавых менен башкы редактору Евгений Белоусовду кармап кетишкен.

Бүгүн Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги жалпы жонунан жети киши кармалганын билдирген болчу.

"Россия сегодня" медиатобунун башкы директору Дмитрий Киселев Бакунун Sputnik Азербайжандын журналисттик ишмердүүлүгүнө дооматы жок экенин билдирди. Апрелде тараптар өкмөттөр аралык келишим аркылуу Sputnik агенттигинин ишин Азербайжан сунуштаган убактылуу укуктук схеманын алкагында улантууну макулдашышкан. Бирок Баку тиешелүү документти берген эмес. Агенттик өлкөнүн күч органдары редакцияга келгенге чейин документти күтүп иштеген.

"Россия сегодня" медиатобу Бакуда эки россиялык жаран, Sputnik Азербайжандын жетекчилеринин кармалганына тынчсыздануусун билдирип, өлкө бийлигин бул кырдаалды тез арада жөнгө салып, журналисттерди бошотууга чакырды.

Бул окуяга Кремль да үн катып, РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москва Баку менен түз сүйлөшүүдө россиялык журналисттер бошотулат деп эсептээрин айткан.

 

11:02, 02-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар