Жалал-Абадда 5 кабаттуу үй мыйзамсыз курулганы аныкталды

Жалал-Абад шаарында 5 кабаттуу үй мыйзамсыз курулганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан Регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында шаар куруу мыйзамдарынын талаптары одоно түрдө бузулгандыгы аныкталган.

Такталгандай, "Б.К." ЖЧКга беш кабаттуу турак жай куруу үчүн уруксат берүүчү документтер курулуш нормаларын бузуу менен, колдонуудагы мыйзамдарда каралган талаптарды сактабастан берилген.

Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

 

14:00, 02-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар