Жылдык 8 пайыз менен бериле турган насыяны кантип алууга болот? Ишкерлерге кулак кагыш
Кыргызстанда ишкерлерге жылдык 8 пайыз менен жеңилдетилген насыя бериле баштады. Учурда "Ишкердикти өнүктүрүү фонду" ААК насыя алууну каалаган чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүнүн арыздары кабыл алууда.
Каржылоо өндүрүш, кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү тармагында ишмердүүлүк жүргүзгөн ишкерлер үчүн жеткиликтүү болот. Жеңилдетилген насыя түрүндө бериле турган 500 млн сом Финансы министрлиги тарабынан фондго уставдык капитал катары берилген.
Насыялар 5 жылга чейинки мөөнөткө, 5 млн сомго чейинки суммада берилет.
Толук маалымат жана кеңеш алуу, насыя боюнча кайрылуу үчүн өлкө боюнча фонддун 13 филиалынын бирине кайрылса болот.
Ишкердикти өнүктүрүү фонду ишкерлерди кеңеш алууга жана өз ишин өнүктүрүүгө жеткиликтүү каржылоону пайдаланууга чакырат.
Компаниядан билдиришкендей, 500 млн сом облустарга калктын санына жараша бөлүнгөн. Аймактарда фонддун 13 филиалы бар, каалоочулар жашаган жери боюнча төмөнкү даректерге кайрыла алышат:
· Аксы филиалы: Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кербен шаары, Ниязалы көчөсү №7/6
+996 (772) 35-88-35 aksy@frp.kg
· Балыкчы филиалы: Ысык-Көл облусу, Балыкчы шаары, К.Токтосунов көчөсү, №51
+996 (559) 07-97-07 balykchy@frp.kg
+996 (709) 34-34-71
+996 (709) 34-34-71
· Кочкор фидиалы:
Кочкор району, Кочкор айылы, Б.Исакеев көчөсү, №41
· Баткенский филиалы:
Баткен облусу, Баткен шаары, Т. Садыков көчөсү №1а
+996 (559) 50-91-50 batken@frp.kg
+996 (552) 95-67-99
· Жайыл филиалы: Чүй облусу, Кара-Балта шаары, Т. Кожомбердиев көчөсү, 107
+996 (556) 95-67-99 jayil@frp.kg
+996 (555) 41-43-14
+996 (999) 95-67-99
· Жалал-Абад филиалы:
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Кыргыз Республикасы көчөсү, №145
+996 (995) 96-65-00 jalal-abad@frp.kg
+996 (551) 07-60-22
+996 (995) 95-67-99
· Кадамжай филиалы:
Баткен облусу, Кадамжай шаары, Пулгон айылы, А. Жалилов көчөсү, №10
+996 (772) 00-62-01 kadamjay@frp.kg
+996 (755) 95-67-99
+996 (552) 96-67-99
· Ысык-Көл филиалы:
Ыссык-Көл облусу, Каракол шаары, Ленин көчөсү, №145/1
+996 (554) 75-50-31 karakol@frp.kg
+996 (555) 75-50-31
+996 (556) 75-50-31
· Кара-Суу филиалы:
Кара-Суу шаары, Ленин көчөсү н/ж
+996 (550) 08-47-99 karasuu@frp.kg
+996 (550) 08-57-99
+996 (550) 08-86-68
· Кемин филиалы:
Чуүй облусу, Кемин шаары, Жибек-Жолу көчөсү, н/ж (автобекет)
+996 (555) 11-55-69 kemin@frp.kg
+996 (554) 95-67-99
+996 (704) 60-04-00
· Нарын филиалы:
Нарын облусу, Нарын шаары, Мамбеталы уулу Таранчы көчөсү, №20
+996 (551) 62-75-63 naryn@frp.kg
+996 (551) 95-67-99
· Ош филиалы:
Ош облусу, Ош шаары, Ленин көчөсу, №422
+996 (558) 65-62-35 osh@frp.kg
+996 (550) 95-67-99
+996 (998) 95-67-99
· Талас филиалы:
Талас облусу, Талас шаары, Бердике-Баатыр көчөсү, №200/18
+996 (558) 84-06-84 talas@frp.kg
+996 (553) 95-67-99
+996 (553) 96-67-99
· Токмок филиалы:
Чүй району, Токмок шаары, Советская көчөсү, №106 А
+996 (555) 56-57-57
+996 (551) 11-55-79
Кандай документтер керектелет:
· паспорт;
· никелешүү тууралуу күбөлүк;
· жеке ишкердик;
· бизнес-планы.
"Биздин адистер ишкерлерге бизнес-план түзүүгө жардам берет, салыктар боюнча бардык керектүү маалыматтарды жана башка маалыматтарды "Түндүк" тиркемеси аркылуу таба алышат", - деп билдиришти Ишкердикти өнүктүрүү фондунан.
Белгилей кетсек, программага Бишкек жана Ош шаарларындагы ишкерлер да катыша алат.