Президент Садыр Жапаров Азербайжанга барат
Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 17-саммитине катышуу үчүн Азербайжанга барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
"Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн ЭКУнун жаңы көз карашы" деп аталган иш-чара Ханкенди шаарында өтөт.
Тараптар уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде мүчө мамлекеттер тарабынан климаттын өзгөрүшүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды талкуулашат.
"Иш сапардын жүрүшүндө Азербайжан Республикасынын Агдам районунда кыргыз тарап курган "Айкөл Манас" мектебинин расмий ачылышы болот", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Экономикалык кызматташтык уюмуна Афганстан, Азербайжан, Иран, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстан мүчө.