"Манас" — көпүрө. "Евразия" уюмунун долбоорунун алкагында эксперттик отурум өттү

Бишкекте "Евразия" уюмунун гранттык долбоорунун алкагында өтүп жаткан "Евразиялык талкуу клубунун" кезектеги эксперттик жыйыны болду. Бул тууралуу аталган уюм кабарлады.

Жыйын "Маалымат доорунда Евразия элдеринин руханий-адептик баалуулуктары: жалпы маселелер жана мүмкүнчүлүктөр" деп аталган.

Иш-чарага Кыргызстандан сырткары Россиянын, Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын окутуучулары, коомдук жана диний ишмерлер, окумуштуулар жана адистер келди. Ал эми айрым эксперттер онлайн-форматта катышты. Алар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнүгүшүндө салттуу маданияттын ролу, салттуу баалуулуктардын экономикалык прогресске жана мамлекеттердин өнүгүшүнө тийгизген таасирин талкуулашкан.

 

11:58, 03-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар