Бишкектеги бала бакчалардын тамак-аш акысын эми ата- энелер төлөшөт
Бишкектеги бала бакчалардын тамак-аш акысын эми ата-энелер төлөшөт
Бишкектеги бала бакчаларда бир баланын тамагына 120 сомдон бөлүнөт. Бул ченемди Бишкек шаардык кеңеши бекиткен. Ал эми 1-июлдан баштап бала бакчаларда тамактануу үчүн төлөм ата-энелердин эсебинен жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
«Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө» министрлер кабинетинин токтомун ишке ашыруу максатында бала бакчаларда балдарга тамак берүүнү уюштуруунун тартиби бекитилгени көрсөтүлгөн.
Бишкек шаардык кеңеши бир балага күнүнө 120 сом өлчөмүндө тамактануу үчүн туруктуу акчалай төгүмдөрдү белгиледи.
1-июлдан тарта бала бакчаларда тамак-ашка төлөө ата-энелердин эсебинен жүргүзүлөт. Бала бакчалардын жетекчилерине алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди”-деп айтылат маалыматта.
Борбор калаанын билим берүү тармагында 118 муниципалдык бала бакча бар.