Сот Канышай Мамыркулованы төрт жылдык пробация менен абактан бошотту
Бишкектин Октябрь райондук соту 3-июлда эркин журналист Канышай Мамыркулованы коюлган айып менен күнөөлүү деп таап, төрт жыл пробация жазасын берди. Журналист сот залынан бошотулду.
Абактагы журналист Канышай Мамыркулованын иши боюнча сотто прокурор журналистти 8,5 жылга эркиндигинен ажыратууну сураган
Үч жарым айдан бери абакта отурган Канышай Мамыркуловага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнөн улам кылмыш иши козголгон.
Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, журналистти бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.
49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.