“Этикасын оңдосок болот”-Садыр Жапаров Балыкчынын жаңы мэри боюнча
"Этикасын оңдосок болот”-Садыр Жапаров Балыкчынын жаңы мэри боюнча
Президент Садыр Жапаров кечээтен бери талкууга алынып жаткан Балыкчы шаарынын жаңы дайындалган мэри Султан Керималиевдин этикасы жана анын бул кызматка дайындалышы боюнча маалымат берди. Мамлекет башчы анын иш билги экенин айтып, Чолпон-Атага мэр болууну сунуштаганын, бирок ал Балыкчыга барууну суранганын айтты. Садыр Жапаров жаңы мэрдин жүрүм-турумун сындап, оңдоого убакыт бериш керектигин айткан.
“Албетте мэр болгондон кийин мамлекеттик кызматтын этикасын сакташ керек болчу. Этиканы сактабаганын мен да көрдүм. Бирок эми этикасын оңдосок болот. Адам да. Айбан эмес. Эң негизгиси өзү башка мэрлердей болуп ууру болбош керек. Таза иштеп бериш керек. Балыкчыны өзү айткандай Лас-Вегас кылышы керек. Мамлекетке, элге анын тили эмес, жасаган иши пайда болот. Убакыт берели этикасы оңолбосо анан көрөбүз”-деген Жапаров.