Садыр Жапаров эртең Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барат

Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча 8-9-июлда мамлекеттик сапары менен Душанбеге барат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Мамлекеттик сапардын алкагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, парламенттин эки палатасынын спикерлери жана өлкөнүн премьер-министри менен жолугушууларды өткөрүү пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форуму, эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда "Түбөлүк достук" концерти өтөт. Өлкө башчыларынын биргелешкен билдирүүсү кабыл алынып, эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Эске салсак, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген.

 

13:12, 07-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар