Дарыгерлер 9 жаштагы баланын ашказанынан момпосуйдун таякчасын алып чыкты

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыгерлер 9 жаштагы баланын ашказанынан момпосуйдун таякчасын алып чыгышты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, бала ооруканага ич оору белгилери менен келип түшкөн. Аны Тез медициналык жардам балдар клиникалык ооруканасынан жиберишкен.

Бала оозуна момпосуйду салган боюнча уктап калып, жутуп жибергени такталган. Дарыгерлер аны гастроскопиядан өткөрүп, ашказанынан желим таякчаны алып чыгышты. Учурда баланын абалы канааттандырарлык экени, үйүнө кеткени айтылды.

Министрлик ата-энелерге кайрылып, этибарга албай койгон учурлар ден соолукка олуттуу зыян алып келерин эскертти.

 

13:11, 08-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар