Эми техпаспорт алуу үчүн Tunduk колдонмосунан арыз берүүгө болот

Эми кыймылсыз мүлккө техпаспорт алуу үчүн арыз берүү Tunduk колдонмосунда жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүу жана инновациялык технологиялар министрлигинен билдиришти.

Жаңы санариптик кызмат Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жана "Түндүк" мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке киргизилди.

Кантип арыз берсе болот?

Tunduk колдонмосу → Менин кыймылсыз мүлкүм → Объект тандоо → Арыз берүү.

Шарттары:

·         алдын ала төлөм — 500 сом;

·         Аткаруу мөөнөтү — 6 жумуш күнүнө чейин;

·         жактырылгандан кийин — техпаспортту алуу жана кошумча төлөө үчүн филиалга баруу;

·         баш тартылган учурда — алдын ала төлөмдү кайтарып алууга болот.

Артыкчылыктары:

·         мамлекеттик органдарга барбай эле бүтүрүү;

·         24/7 жеткиликтүү;

·         жөнөкөй жана ачык-айкын процесс.

 

13:12, 08-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар