УКМК текшергенден кийин Улуттук университеттен 2 710 студент окуудан айдалды

Кыргыз улуттук университетинен 2 710 студент окуудан айдалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат аталган окуу жайдан кызматтык жасалмалоо фактыларын аныктаган.

"Текшерүүдө окуу жайда студент катары катталып, бирок окууга келбей жүргөндөр бар экени белгилүү болгон. Натыйжада 2 710 адам окуу жайдан чыгарылды", — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар такталууда.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин ректорлор, кесиптик лицей жана колледждердин директорлору менен жолугуп, тармакта коррупция гүлдөп жатканын белгилеген. Төрага айрым мугалим жана жетекчилер өздөрүнүн окуу жайында коррупциянын жайылышына түрткү болуп жатканын айтып, күрөш күч аларын билдирген.

Андан көп өтпөй Нарын мамлекеттик университетинен 300дөн ашуун чет өлкөлүк студент чыгарылып, институттун директору кызматынан четтетилген.

 

11:51, 09-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар