Жапаров 225 ипотекалык батирдин ачкычын тапшырып жатып акимдерге кайрылды

Садыр Жапаров Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) тарабынан курулган кезектеги 225 батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, батирлер Калый Молдобасанов көчөсүндөгү 15 кабаттуу турак жай комплексинде жайгашкан. Аймагында автономдуу жылытуу системасы, балдар аянтчасы жана жер алдындагы унаа токтотуучу жай каралган.

Салтанатта мамлекет башчы ипотекалык турак жайлар жигердүү курулуп, Бишкекте үч, Жалал-Абадда эки көп кабаттуу үй пайдаланууга берилгенин айтты.

"Менин үйүм" программасы аркылуу бүгүнкү күнгө чейин 10 миң 800 үй-бүлө турак жайлуу болду. Программага кезекке тургандардын саны 58 миңден ашты. Жалпысынан 70 миңге жакын батирдин курулушу башталган, алардын көбү учурда активдүү фазада", — деди Жапаров.

Өлкө башчы алдыдагы беш жылда МИК муктаж жарандардын турак жай маселесин толук чечүүнү максат кылып жатканын белгиледи

"Шаарлар менен райондордун борборлоруна бийик кабаттуу үйлөр курулуп бүткөндөн кийин план боюнча айылдарга өтөбүз. Айылдарга деле ушундай шартта 25 жылга чейинки ипотекалык негизде жер тамдарды куруп беребиз. Ошентип өлкө боюнча жарандарыбыз айылдарда да өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй заманбап үйлөрдө жашагыдай шарт түзүлөт. Ага, кудай буюрса, алдыда 5-10 жылда жетип калабыз", — деди өлкө башчы.

Ошондой эле ажо айыл жана шаар жетекчилерине бош жаткан жерлерди МИКке өткөрүп берүүгө милдеттендирип, бул тапшырма беш жылдан бери аткарылбай жатканын кошумчалады.

 

11:22, 11-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар