Бишкекте мөөнөтү өткөн импорттук продукциялар "элиталык" деп сатылып жүргөн

 Бишкекте мөөнөтү өткөн импорттук продукциялар "элиталык" деп сатылып жүргөн маркет аныкталып, иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 37 жаштагы жаран 5-6 жылдан бери чет өлкөдөн арзандатылган баада алынган тамак-аш азыктарын ташып жүргөн.

"Шектүү чет өлкөлүк сатуучулар менен жең ичинен сүйлөшүп, жок кылууга багытталган, мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды сатып алып, аларды жаңы жана эксклюзивдүү продукция катары тариздеген. Азыктар өлкөгө жарактуу товарлар менен кошо келип, импорттук көзөмөл баскычында текшерүү иштерин татаалдаткан. Европадан италиялык соустар, сырлар, деңиз азыктары, түрдүү деликатестер, өсүмдүк майлары жана башка азык-түлүк катары көрсөтүлгөн продукциялар иш жүзүндө жарандардын ден соолугуна коркунуч жаратуучу зыяндуу жасалма тамак-аш азыктары болгон", — деп айтылат маалыматта.

 

11:24, 11-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар