Кыргызстан Тажикстан менен соода жүгүртүүнү $500 млн жеткирүүнү көздөйт

Кыргызстан менен Тажикстан товар жүгүртүүнү 500 млн долларга жеткирүүнү көздөйт. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Тажикстандын экономика министри Завкизода Завки Амин менен жолугушууда айтты.

Ведомстводон маалымдашкандай, тараптар сооданы көбөйтүү, биргелешкен ишканаларды түзүү жана логистикалык зоналарды өнүктүрүүнү талкуулашты.

Бакыт Сыдыков эки өлкөнүн товар жүгүртүүсүн 500 млн долларга чейин жеткирүү максатын айтып, Өкмөттөр аралык кеңештин соода, билим жана маданияттагы ролун баса белгиледи.

Соңунда тараптар кызматташтыкты бекемдөө ниетин ырасташты.

 

14:26, 11-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар