Сокулукта үч жүргүнчү автобустун айдоочусун сабап салган

Сокулук районундагы Кожомкул айылында үч киши автобустун айдоочусун сабап салган. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти. Социалдык тармактарда №9 каттамдагы автобустун айдоочусу бир нече жүргүнчү тарабынан сабалгандыгы тууралуу видео тараган.

Милиция териштирүү баштап, коомдук транспорттун 39 жаштагы Ж.К. аттуу айдоочусу ур-токмокко алынганы такталган.

Учурда милиция шектүүлөрдү издеп жатканын кошумчалады.

 

11:49, 14-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар