Баткенде болжол менен 2 миң жыл мурда коюлган жоокердин сөөгү табылды

Баткенде болжол менен 2 миң жыл мурда коюлган жоокердин сөөгү табылды. Бул тууралуу Баткен мамлекеттик университетинен билдиришти.

Адам сөөктөрү Кызыл-Кошун-1 көрүстөнүнөн табылган. Бул жерде алгачкы археологиялык иштер 2023-жылы башталып, 119 дөбө каттоого алынып, негизги археологиялык казуулар башталган.

"Казуу иштери ачык жүргүзүлүүдө. Каалоочулар археологиялык процесс менен таанышып, тарыхый мурастарды өз көзү менен көрө алышат. Бул жаңы табылгалар Баткендин гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын тарыхын терең изилдөөгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат", — деп жазылат окуу жайдын маалыматында.

Изилдөөнүн катышуучусу Айдана Маматкаримова табылган сөөк жоокер болгонун божомолдогон.

"Байкашыбызча, бул жоокер адам болгон. Баш жагында жаанын жебелери, найзанын учтары, кылыч, бычактар жатат", — деген ал.

Илимий долбоор Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институту менен Баткен мамлекеттик университетинин биргелешкен кызматташтыгынын алкагында ишке ашып жатканы кошумчаланды.

 

12:40, 15-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар