Байсалов: алдыдагы 10 жылда айлык, пенсия жана жөлөк пулдар кеминде үч эсе өсөт

инистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов алдыдагы 10 жылда айлык, пенсия жана жөлөк пулдар кеминде үч эсе өсөрүн билдирди.

Ал "Биринчи радиого" берген маегинде жарандардын жашоо деңгээли кыйла жакшырарын айтты.

"Токчулукта жашайбыз. Ар бир үй-бүлөнүн жылына жок дегенде бир жолу чет өлкөдө эс алып келүүгө мүмкүнчүлүгү болушун каалайбыз. Апаларыбыз кышында Таиланд болобу, башка дүйнөлүк курортторго барып эс алып келишсе дейбиз. Мындай нерселерди азыр Россиядан, Казакстандан көрүп жатабыз. Биз да жылына 9-10 пайыздык экономикалык өсүштү камсыз кыла алсак, 2-3 жылда эле казакстандыктардын жашоо деңгээлине жетебиз. Албетте, алардын мамлекети бизге караганда байыраак, ресурсу да көп. Бирок биз мугалимдердин, дарыгерлердин, журналисттердин жана башка социалдык кызматкерлердин турмушун жакшыртууга аракет кылабыз", — деди минкаб төрагасынын орун басары.

 

12:41, 15-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар