Өлкөдө 7 690 бош жумуш орду бар – көбү жумушчу кесиптер

2025-жылдын 1-июлуна карата өлкөдө 7 690 бош жумуш орду бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумуш берүүчүлөр тарабынан эң көп талап кылынган кесиптер жумушчу адистиктерге тиешелүү.

Кызматтар боюнча – 2 408 бош орун бар, алардын арасында:

·         мугалимдер (мектепке чейинки жана орто, жогорку окуу жайлар) – 902;

·         саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 806;

·         социалдык кызматкерлер – 23;

·         мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар – 398;

·         юристтер – 5;

·         экономисттер –  210;

·         психологдор – 26;

·         инженер – 38;

Жумушчу кесиптер боюнча – 5 282:

·         компьютердик адистер (оператор, программисттер ж.б) – 435;

·         айыл чарба тармагы – 159;

·         соода агенттери (кассир, азык-түлүк эмес сатуучулар ж.б) – 286;

·         тигүүчүлөр –471;

·         курулуш тармагындагы кызматкерлер – 1 171; (механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.)

·         айдоочулар – 785;

·         кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер – 1 358 (чач тарач, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу, жеткирүү кызматтары ж.б.);

·         ар тараптуу жумушчулар – 617.

Бош орундарды аймактар боюнча бөлүштүрүү:

·         Бишкек шаарында – 4595 бош орун катталган, анын – 3361и жумушчу орундар;

·         Ош шаарындаа – 780 бош орун катталган, анын – 573ү жумушчу орундар;

·         Баткен облусунда – 600 бош орун катталган, анын – 362си жумушчу орундар;

·         Жалал-Абад шаарында – 168 бош орун катталган, анын – 75и жумушчу орундар;

·         Ысык-Көл облусунда – 539 бош орун катталган, анын – 335и жумушчу орундар;

·         Нарын шаарында – 230 бош орун катталган, анын – 124ү жумушчу орундар;

·         Ош облусунда – 358 бош орун катталган, анын – 207си жумушчу орундар;

·         Талас облусунда – 144 бош орун катталган, анын – 19у жумушчу орундар;

·         Чуй облусунда – 276 бош орун катталган, анын – 226сы жумушчу орундар;

 

14:07, 15-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар