Кыргызстандын карызы: Ким канча алды, ким канча төлөдү?

Акыркы жылдары Кыргызстанда мамлекеттик карыздын көлөмү –экономиканын көлөмүнө салыштырганда (ИДП-ВВП) 36,9%ды түзөт. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга караганда төмөндөгөнү байкалат. Мисалы, 2020-жылы карыз ИДПнын 67,6%ын түзгөн. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков социалдык желеге жазды.

“Кыргызстандын карызынын көбү – тышкы карыз. Башкача айтканда, өлкө акчаны башка мамлекеттерден же эл аралык банктардан алган. Бул тышкы карыздын ичинде эң чоң үлүштү Кытайдын Экспорт-Импорт банкы ээлейт – болжол менен 1,59 млрд. доллар. Андан сырткары Азия Өнүктүрүү Банкы, Дүйнөлүк Банк, Эл аралык Валюта Фонду да акча берген.

Аскар Акаевдин башкаруусу тушунда карыз ИДПнын көлөмүнөн 100%дан ашкан учурлар болгон, Курманбек Бакиевтин тушунда 70%га чейин, ал эми Роза Отунбаеванын мезгили 59%дын тегереги, Алмазбек Атамбаевдин башкаруусу учурунда карыз ИДПга карата 67%га чейин чыгып, Сооронбай Жээнбековдун тушунда дагы ал көрсөткүч кала берген. Ошол эле учурда бюджет таңсыктыгы (дефицит) көп кездешчү.

Садыр Жапаровдун тушунда карыз ИДПга салыштырмалуу төмөндөдү. Ошол эле мезгилде бюджет профицити – башкача айтканда, кирешелер чыгашадан көп болуп калган учурлар болду. 2024-жылы мисалы, бюджет профицити 2,5% болду. 2030-жылга чейин бюджеттин профицити күтүлүүдө.

Мында баса белгилеп кетүү керек, Кыргыз Республикасынын консолидацияланган бюджети 2024–жылдын жыйынтыгы менен 688,5 млрд сомду түздү, же 2020-жылга салыштырмалуу дээрлик 3 эсеге өстү. Ал эми, 2025-жылга бекитилген консолидацияланган бюджеттин көлөмү 708,9 млрд сом болсо, алдын ала болжол менен жылдын аягына чейин 1,0 триллиондон ашуусу күтүлүүдө.

Мамлекет учурда, буга чейин алынган карыздардын эң көп бөлүгүн төлөп жатат. Ага карабай кирешеси көбөйүп, экономика ирденип, өлкөдө курулуштар, жаңы ачылыштар, техникалардын сатып алынышы темпин жогорулатты. Мисалы, тышкы карызды төлөөгө 2023-жылы 53,1 млрд сом багытталса, 2024-жылы 59,9 млрд сом багытталды.

Ошол эле учурда эмгек акыны көтөрүүгө, социалдык маселелерди чечүүгө жана жолдорду, мектептерди, бала-бакчаларды, ооруканаларды жана социалдык турак-жайларды курууга олуттуу акча каражаттарын үзгүлтүксуз багытталып жатат”, - деп жазган Орунбеков.

14:14, 15-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар