Коррупционерди кызматка алгансыз. Ташиев Бишкек мэрин зекиди
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкек мэри Айбек Жунушалиевди кадр тандоодо чабал экенин айтып, сындады.
УКМК төрагасы Пригородное айылын кыдырып, айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Бакыт Шеримбеков паркты жасоого үч жыл катары менен тендер өткөрүп, үчөөндө тең акчасын жеп алганын айткан. Ташиев Бишкек мэри Жунушалиеге Шеримбековду кийин муниципалдык менчикти башкаруу бөлүмүнө башчы кылып дайындап койгонуна нааразы болгон.
"Сиз бирөөнү кызматка коёрдо карабайсызбы. Демек, кадр тандоодо тажрыйбаңыз жок экен. Тендер өткөрүп паркка деген акчаны жеп алган кишини чоң кызматка коюп койгонсуз. Парк боюнча эки кылмыш иши козголгон. Анык коррупционерди шаардын мүлкүн караган кызматка коюп алгансыз. Кадр тандоону билиш керек, кадр тандаганды билбегендин айынан мамлекет ушундай болуп жатат", — деген УКМК төрагасы.
Ташиев мурдагы айыл өкмөт башчысын ошол жерден эле камоону буйруган.