Ташиев Сокулукка барып, Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын камоону тапшырды
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сокулукка барып, Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын камоону тапшырды.
Маалым болгондой, Новопавловка айыл өкмөтүндө сейил бак курууда жумуштар сапатсыз аткарылып, акча туура эмес пайдаланылган. УКМК төрагасы бул иш менен таанышып, айыл өкмөт башчысын, жумуш аткаруучуларды жана техкөзөмөл кызматкерлерин камоону буйруган.
"Айыл өкмөтүнүн башчысы катары сен президенттин кайрылуусун да жакшы караган эмессиң. Анда "эгер мамлекеттин акчасын туура эмес пайдаланып жеп кое турган болсоңор, биринчиден, 10 эсе кайтарып, экинчиден, түрмөгө отурасыңар" деп жазылып турат. Бардыгын камагыла, алып кеткиле!" — деген Ташиев.