Новопавловкада сейил бак курууда 31 млн сомдук ысырапкорчулукка жол бергендер кармалды

Сейил бак курууда 31 млн сомду ысырап кылууга жол бергендиги үчүн Новопавловка муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызмат адамдары кармалды. Бул туралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Коррупцияга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 2024-жылдын июль айында Новопавловка муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан Фрунзе көчөсүндөгү 800 метрлик (1,1 га) сейил багын жакшыртуу боюнча 29 млн сомдон ашык суммага тендер өткөрүлгөн. Тендерже подрядчы катары "Орбитал Строй" ЖЧК тандалып алынганы аныкталган. Анда 2,8 млн сомдук кошумча жумуштарды эсепке алганда, жалпысынан 31 млн 910 миң 840 сом жакшыртууга жумшалган.

Деген менен иш жүзүндө жакшыртуу иштери аткарылган эмес. Ошентип, Ленин райондук администрациясынын жетекчилери тарабынан тийиштүү көзөмөл болбогондуктан подрядчы максималдуу пайда алуу максатында ишти толук эмес, начар аткарган. Текшерүүнүн жыйынтыгында 5 млн 200 миң сом зыян келтирилгени аныкталган.

Атап айтканда, "Зеленхоз" мамлекеттик мекемеси эс алуу жайын баланска кабыл алган эмес, анткени тыюу салынганына карабастан сугат системасы ичүүчү сууга кошулган. Бирок "Зеленхоз" МИ отургузулган өсүмдүктөрдү сактоо максатында суугарууну камсыз кылуусу керек болгон, бирок ал иштер аткарылган эмес.

Жооптуу адамдардын жоопкерчиликсиз мамилесинин натыйжасында сейил бак аянычтуу абалда каралбай турат, башкача айтканда 31 млн 910 миң 840 сом ысырап болгон.

Мындан улам төмөндөгү кызмат адамдары кармалды:

Р. Э. А. ("Новопавловка" МАБнын жетекчисинин орун басары);

"Орбитал-Строй" ЖЧКсынын директору Д.Ж.Д. (подрядчы);

С.Г.С. (Ленин райондук администрациясынын техкөзөмөлү).

 

12:37, 16-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар