Ысык-Көлдө мектептин курулушунан акча кымырылган. УКМК шектүүлөрдү кармады
Ысык-Көл облусундагы мектептин курулушу акча которулса да бүтө элек. Буга байланыштуу эки адам кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, 2016-жылы Ак-Суу районунун Советское айылында 150 орундуу спорт залы менен мектеп курууга долбоордук наркы 59 миллион сом болгон тендер жарыяланган. Натыйжада жеңүүчү деп табылган курулуш компаниясы менен келишим түзүлүп, объект 2023-жылдын ноябрына чейин бүткөрүлүшү керек болчу.
Бирок бүгүнкү күнгө чейин курулуш иштери аяктаган эмес. Анткен менен аталган компания 48 миллион сом алып, анын 35,2 миллион сомун өздөштүргөн.
Тергөөнүн версиясы боюнча, ошол кездеги Капиталдык курулуш башкармалыгынын директору У.С. кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, курулуш фирмасынын башчысы Х.А. менен сүйлөшүп алып, 12,8 миллион сомдон ашуун каражатты мыйзамсыз которгон.
УКМК эки фигурант тең тергөө абагына киргизилгенин маалымдады.