12 кабат ипотекалык үй салынып, автобустар алынат. Балыкчыга 1,1 млрд. сом бөлүнөт

Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө 1,1 миллиард сом бөлүнүп, шаарга 12 кабат ипотекалык үйлөр курулат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан кабарлашты.

Калаага барган Каныбек Туманбаев президент Садыр Жапаров Балыкчыга миллиард сом бөлүүнү чечкенин айтып, акчага эмне иштер жасаларын тизмектеди. Анын айтымында, каражат инфраструктураны өнүктүрүүгө, социалдык объектилерди курууга жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталат.

Алсак, шаардын негизги көчөлөрүнө заманбап жарыктандыруу системалары орнотулат. Ал эми 20-июль күнү 12 кабат ипотекалык турак жайдын курулушу башталып, мезгил кутусу салынат.

"Камчыбек Ташиев Балыкчы үчүн 100 миллион сом бөлүүгө убада берди. Бул акчага 10 автобус, "Тазалык" ишканасы үчүн заманбап техникалар алынат. Учурда Бишкектен атайын техникалар шаарга жеткирилип, иш башталган", — деди иш башкаруучу.

Туманбаев президенттин иш башкармасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине аралашпай турганын убадалаган.

 

15:12, 17-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар