Кара-Суу райондук салык башкармалыгынын кызматкерлери кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат салык тармагындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюунун алкагында Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө пара алуу фактысын аныктады.

Тактап айтканда, Кара-Суу райондук салык башкармалыгынын башчысы А.А. жана текшерүү бөлүмүнүн башчысы М.М.С. өздөрүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, кыска мөөнөттүн ичинде жеке ишкердик субъектилерине колдоо көрсөтүү үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп, ошондой эле кирешелерди азайтуу жана чыгашаларды көбөйтүү максатында бухгалтердик документтерди бурмалоого көмөктөшүшкөн.

Ошентип, көрсөтүлгөн укукка каршы аракеттер менен мамлекеттин кызыкчылыктарына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Азыркы учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларына карата мындан ары кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чаралар улантылууда.

 

15:19, 17-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар