Нарын облусун өнүктүрүүгө 15 млрд сом бөлүнгөн – Ташиев

Нарын облусунун аймагында 127 социалдык объектинин курулушу жүрүүдө, - деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарында атайын жана айыл чарба техникаларын тапшыруу аземинде.

Анын айтымында, бул үчүн 15 млрд сом каражат бөлүнгөн.

"Президентибиз жөн гана көз боемчулук менен эмес, накта элге жардамы тие турган, элдин жашоо турмушун өзгөртө турган өзгөрүүлөрдү жасашыңар керек деген тапшырма койгон", - деди ал өз сөзүндө.

Андан кийин Ташиев курулушу жүрүп жаткан бир нече курулуш обьектилерин көрдү.

Атап айтканда, ал президенттин турукташтыруу фондунун эсебинен курулуп жаткан коомдук мончонун, балдар оюн аянтынын жана Инновациялык креативдүү демилгелер борборунун курулушун жеринде көрүп, курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ошондой эле ал Нарын автобекетинин реконструкция иши менен да таанышты.

Мындан тышкары, аймакта "Жээк" аллеясы да курулары айтылды. Нарын шаарын өнүктүрүүгө багытталган бул долбоорду ишке ашырууга президенттин турукташтыруу фондунан 807 млн сом бөлүнгөн.

 

12:00, 11-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар